ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15410)

Өзүңдүн тартуу-сыйларың жана жоомарттыгың менен менин кайгымды тарата көр, о, Кудай, айланайын Кудайым; Өзүңдүн кудуретиң жана күчүң менен капамды таркат. Өзүң көрүп турасың, о, менин Кудайым, кырсыктар туш тараптан тооруп турган ушул саатта Сага жүзүмдү буруп жалбарып турам. 
Көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да бардык жараталгандардын Теңири, адамдардын жүрөктөрү менен жандарын багындырган Өзүңдүн Ысымың менен, ырайым мухитиңдин толкундары менен, жоомарттыгыңдын Күндүзгү Жылдызы менен сага жалбарам - Сага жүзүн бурууга эч нерсе тоскоол кыла албагандардын катарына мени да кош, о, бардык ысымдардын Теңири жана асмандын Жаратуучусу.
О, Аллам, Сенин күндөрүңдө башыма түшкөндөрдү көрүп турасың. Сенин ысымдарыңдын жана касиет-сапаттарыңдын Таңы менен жалбарам, Өзүңө кызмат кылууга жана изгиликтериңди даңазалоого жардам берген нерселерди тагдырыма жаза көр. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, эң Күчтүүсүң, бардык адамдардын дубасына жооп кайтарасың!
Акырында, Сенин жүзүңдүн нуру менен суранам, иштериме батаңды бер, карыздарымдан кутулт жана муктаждыктарымды канааттандыр. Ар бир тил Сенин кудуретиңе жана Сенин бийлигиңе күбө, улуулугуңду жана өкүмдарлыгыңды ар бир акыл-эстүү жүрөк тааныйт. Пенделеринин зарына кулак салган жана жооп берген, Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15411)

Сен мактоого татыктуусуң жана даңктуусуң, о, айланайын Кудайым! Сени сүйгөндөрдүн үшкүрүгү жана Сени көрүүнү эңсегендердин төгүлгөн көз жашы менен жалынам, Өзүңдүн Күндөрүңдө мени ырыскыңдан куру калтыра көрбө, Жүзүңдүн жарыгы алдында Жалгыздыгыңды даңазалаган Көгүчкөндүн обондорунан ажыратпа. Мен муктаждардын биримин, о, Кудайым! Баарына ээлик Кылуучу деген ысымыңа канчалык берилгендигиме назар салчы. Мен маңдайына өлүм жазылгандардын биримин, Сенин Өчпөс ысымыңды канчалык бекем карманганымды карачы. Ошондуктан баарынан Бийик, бардыгынан Жогору Өзүң менен жалынам, мени өз эркиме калтыра көрбө, жаман адаттар бийлеп алышына жол бербе. Сенин кудуретиңдин колу менен менин колумду карма, мени куру кыялдарым менен маанисиз ойлорумдун тереңинен бошот жана Сага жагымсыз болгон нерселерден тазала. 
Өзүмдү толугу менен Сага тапшырууга, Өзүңө гана үмүт кылууга, Сенден гана башпаанек издеп, Сенин ажарыңа карай умтулууга ракым эт. 
Өз кудуретинин бийлиги менен каалаганын ишке ашырган Сенсиң, Өз эркинин күчү менен тандаганын буюрган да Сенсиң. Сенин амириңе эч ким каршы боло албайт; Сенин жазмышыңды өзгөртүүгө эч кимдин күчү жетпейт. Сен акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Жоомартсың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15412)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Менден алыстай көрбө, анткени кайгынын артынан кайгы басып, мени кысып барат. О, Кудай, айланайын Кудайым! Мени өз алдымча калтырба, анткени азаптардын азабы башыма түштү. Сенин назик камкордугуңдун көкүрөгүнөн чыккан ак сүтүңдөн ууртат, анткени чаңкоом мени азапка салып турат.  Сенин ырайымдуулугуңдун канатынын көлөкөсүндө мени калкала, анткени душмандарымдын баардыгы мени көздөй опурулду. 
Сенин улуулугуңдун тактысына, Өзүңдүн даңкыңдын жышаандарынын ачылышына мени жакындат, анткени бактысыздык жүрөгүмдү жаралап турат. Сенин Түбөлүктүүлүк Дарагыңдын жемиштери менен тоюндур, анткени алсыздык мени бийлеп алды. Сенин ырайымдуу камкордугуңдун колдору менен сунулган кубанычтын чөйчөгүнөн азыктандыр, анткени сансыз кайгынын оор түйшүгү мени басты. Сенин бардыгынан кудуреттүү өкүмчүлүгүңдөн тигилген жабууга оро, анткени жокчулук мени толук жакырлантты. Түбөлүктүүлүгүңдүн Көгүчкөнүнүн добушу алдында уйкуга кетүүгө уруксат эт, анткени тагдырыма оор азаптар жазылды. Өзүңдүн Жалгыздык тактыңдын алдында, жүзүңдүн сулуулугунун нуруна бөлөнүүгө уруксат эт, анткени коркуу жана калтыроо мени аёосуз эзди. От бүрккөн даңк ажыдаарынын алдында мени Өзүңдүн кечирим мухитиңе чөмүлт, анткени күнөөлөрүм үчүн акыры жоопко тартылдым.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15413)

Өзүңдүн кудуретиң менен сага жалынам, о, айланайын Кудайым! Сыноо келген убакта жаман жолго түшүүмө жол бербе жана бейгам кезимде менин кадамдарымды Өзүңдүн илхам күчүң менен туура жолго багытта. Сен Кудайсың, каалаганыңды жасай аласың, Сенин эркиңе каршы чыгууга же жазмышыңды аткарууга жолтоо болууга эч кимдин күчү жетпейт.

-The Báb
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15414)

Кыйынчылыктардан Кудайдан бөлөк ким куткарат? Айт: Кудайга даңк! Ал - Кудай! Бардыгы Анын кулдары жана бардыгы Анын буйругуна баш ийет.

-The Báb
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15415)

Айт: Кудай баарын берет, баарынан жогору турат. Асманда да, жерде да Кудайдан бөлөк эч ким ырыскы бербейт. Акыйкатта, Ал Өзүн Өзү Башкаруучу, күч-кубат Берүүчү, баарынан Кудуреттүү.

-The Báb
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15416)

О, Теңир! Сен бардык азаптардан Куткаруучусуң жана бардык кайгыны Жоюучусуң.  Сен бар капаны айдаган, ар кандай кулчулуктан бошоткон, ар бир жанды күнөөдөн Арылтуучусуң. О, Жараткан Алла! Өзүңдүн ырайымың менен кыйындыктан арылуума жол бер жана куткарууга ээ болгон пенделериңдин арасына кошо көр.

-The Báb
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15417)

О, айланайын Кудайым! Сенден бөлөк эч ким менин жан дүйнөмдүн убайын жеңилдете албайт, Сен менин эң жогорку умтулуумсуң, о, Теңирим. Жүрөгүм Сага жана Сен сүйгөндөргө гана байланган. Менин өмүрүм да, өлүмүм да Сага таандык экенин жар салам. Акыйкатта, Сен Теңдешсизсиң жана Сенде шерик жок.
О, айланайын Теңирим! Экөөбүздүн ортобузга тосмо койгонум үчүн Сенден кечирим сурайм. Өзүңдү бизге таанытып, бийик абалыңа ылайык эскерип жүрүүбүздү буйрук кылган болсоң да, Өзүңдүн даңкың жана улуулугуң менен ант берем, татыктуу деңгээлде Өзүңдү таанып, ибадат кыла албадым. О, менин Теңирим, менин кылган жосундарым менен күнөөлөрүм үчүн жоопко чакырганыңда, оор азап башыма түшөт. Сенден бөлөк жардамчым жок. Сенден бөлөк жашына турган жайым жок. Өзүңдүн эркиң болбосо, жараткандарыңдын ичинен эч ким Сага кайрылууга батына албайт. Сенин сотуңдун алдында мен Өзүңдүн сүйүүңө гана үмүт артам жана буйругуңа баш ийүү менен Сенин даңкыңа ылайык келгендей деңгээлде дуба кылууга жан үрөйм. Өзүңдүн убадаңа ылайык, үнүмдү ук деп жалбарам. Акыйкатта, Кудайдын өзү Сенсиң; Сенден башка Кудай жок. Жалгызсың жана жардамга муктаж эмессиң, бардык жаратылгандан Көз Карандысызсың. Сени сүйгөндөрдүн Өзүңө берилгендиги Сага эч пайда алып келбейт, арам жолдогулардын жосундары Сага эч зыянын тийгизе албайт. Акыйкатта, Өз убадаларын эч качан бузбаган, Сен менин Кудайымсың.
О, Жараткан Аллам! Ырайымыңдын белгилери менен Сага жалбарам, Өзүңдүн касиеттүү жакындыгыңдын эң жогорку бийиктигине жакындоого мага уруксат бер жана Сенден башканы оозангандан мени сакта. О, менин Кудайым, Сен эмнени мага ылайык көрсөң, ошого карай кадамдарымды багытта. Өз Кудуретиң аркылуу мени Өзүңдүн каарың менен жазаңдан сакта жана Сага жагымсыз жерлерге баруума жол бербе.

-The Báb
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15418)

О, Теңир, айланайын Кудайым, бактысыз күндөрүмдө жашынаар жайымсың! Кырсык тооруганда Калканым менен Башпаанамсың! Кыйын күндөрдө Баш Калкамсың, жалгыздыгымда Шеригимсиң! Убайым тартканда - Жубатаарымсың, жалгыз калганымда - сүйкүмдүү Досумсуң! Күйүтүмдү басып, күнөөлөрүмдү Кечирүүчүсүң!
Бүтүндөй маңызым менен Өзүңө кайрылам, жүрөгүм, ойлорум жана сөздөрүм менен Сага жалбарам: Өзүңдүн ыйык биримдигиңдин алкагында Сенин эркиңе каршы келген бардык нерседен мени сакта; Сенин кут дарагыңдын көлөкөсүн издөөгө тоскоол болгон бардык ыпыластыктан мени тазала. 
О, Теңир, алсыздарга ырайымдуу бол, сыркоолорду айыктыр жана катуу чаңкагандардын суусунун кандыр. Сүйүүңдүн оту жанып турган жүрөктү кубант, Сенин көктөгү сүйүүңдүн жана рухуңдун жалыны менен аны алоолонт. Кудай биримдигинин чатырына ыйыктыктын жабуусун жап жана башыма Өз ырайымыңдын таажысын тага көр. 
Жүзүмдү жоомарттыгыңдын нуру менен жаркырат жана Өзүңдүн ыйык босогоңдо кызмат кылууга ырайымың менен жардам бер. 
Жүрөгүмдү Сен жараткандарга болгон сүйүүгө толтур жана мени ырайымыңдын белгиси, кут-берекеңдин жышааны, сүйгөндөрүңдүн ортосундагы ынтымактын жарчысы кыл, Сени алкоодон чарчабаган, Өзүңө берилген пендең болоюн, өзүн унутуп, бирок ар дайым Сага эмне ылайыктуу экенин эсинен чыгарбаган кулуң кыл.
О, Кудай, кагылайын Кудайым! Сенин кечиримиңдин назик желаргысын менден аяба, Өзүңдүн жардамыңдын жана ырайымыңдын булактарынан мени айырба. 
Сенин коргоочу канаттарыңдын көлөкөсү алдына баш калкалоого уруксат эт жана бардыгын кайтарып турган каректериң менен мага назарыңды сала көр.
Оозума сөзүмдү салып бер, элиңдин арасында ысымыңды даңазалайын, улуу жыйындарда үнүмдү бийик кыл, эриндеримден Сага карата алкоолор куюлсун.
Сен, Акыйкатта, Изгисиң, Даңктуусуң, Кудуреттүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ООР УЧУРДА КОЛДОО (#15419)

Ал Мээримдүү жана Жоомарт!
О, Кудай, кагылайын Кудайым!  Мени көрүп турасың, менин жайым сага маалым; Сен менин башпаанегимсиң, жашынаар жайымсың. Сенден башка эч кимди издеген жокмун жана издебейм дагы; Сенин сүйүүңдүн чыйыр жолунан башка жолду баскан жокмун, баспайм дагы. Айласыздыктын көзгө сайса көрүнгүс караңгылыгында үмүт менен күтүүгө толгон каректерим Сенин чексиз ырыйымдуулугуңдун таң шоокумуна багытталган, таң агарып аткан чакта менин алсыраган жаным Сенин сулуулугуң менен Кынтыксыздыгыңды эскерүү аркылуу сергип күчтөнөт. Өзүңдүн ырайымың менен кут-берекең кимге жардамга келсе, ал кичинекей тамчы болсо да чексиз мухитке айланат, Өзүңдүн назик камкордугуңдун колдоосу төгүлгөндө, кичинекей бир бүртүкчө жаркыраган жылдыз болуп чыга келет.
 Сага ашык болуп, алоолонуп күйгөн бул пендеңе Өзүңдүн коргооңдон түнөк бере көр, о, Сен, аруулуктун Руху, бардыгынан Жоомарт, Сыйкор. Ага бул дүйнөдө Сенин сүйүүңө туруктуу жана бекем болууга жардам бер, ушул канаты сынган кушка көктөгү бейиш дарагында курулган Теңирчилик уяңдан башпаанек бере көр.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

